Түркия жарым финалда  Италия менен беттешет

Волейбол боюнча аялдар улуттук курама командасы  2023 CEV Европа чемпионатынын жарым финалында бүгүн Италия менен беттешет.

2031803
Түркия жарым финалда  Италия менен беттешет

Волейбол боюнча аялдар улуттук курама командасы  2023 CEV Европа чемпионатынын жарым финалында бүгүн Италия менен беттешет.

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде ойноло турган беттеш Түркия убактысы боюнча саат 18 : 00дө башталат жана ТРТ 1ден түз эфирден берилет.

Чемпионаттын башка жарым финалындагы беттеште Сербия менен Голландия Түркия убактысы боюнча саат 21: 30да беттешет.

Германияда ойногон С тайпасындагы беттештердин бешинде жеңишке жетип, акыркы 16 турда атын чыгарган «Тордун султандары» бул турда үй ээси Бельгияны утуп, чейрек финалга өттү.

Чемпионаттын чейрек финалында Польшаны 3-0 эсебинде жеңген улуттук команда, 9 оюндан турган чемпионат сериясынын 8-матчында жарым финалда Италия менен беттешет.



Тектеш кабарлар