Улуттук жаачы Мете Газоз дүйнө чемпиону

Мете финалда канадалык Эрик Петерсти 6-4 эсебинде жеңип дүйнө чемпиону болду.

2020844
Улуттук жаачы Мете Газоз дүйнө чемпиону

Улуттук жаачы Мете Газоз Германияда өткөрүлгөн жаа атуу боюнча дүйнөлүк чемпионаттын эркектер арасындагы классикалык жаа финалында канадалык Эрик Петерсти 6-4 эсебинде жеңип алтын медалга ээ болду.

Борбор калаа Берлинде өткөрүлгөн чемпионаттын чейрек финалында чилилик Рикардо Сотону 6-2 эсебинде жеңген улуттук спортчу атын акыркы 4 ысымдын арасына жаздырды.

Жарым финалда бразилиялык Маркус Д'Алмейданы 7-3 эсебинде жеңген Мете финалга чыгып 2024-жылкы Париж Олимпиадасына катышууга да квота алды.

Мете финалда канадалык Эрик Петерсти 6-4 эсебинде жеңип дүйнө чемпиону болду.



Тектеш кабарлар