Улуттук теннисчи Мелиса чемпион

Түркиянын Теннис федерациясы маалымат берди.

2020819
Улуттук теннисчи Мелиса чемпион

Улуттук теннисчи Мелиса Эржан Австралияда өткөрүлгөн W15 Caloundra турниринде карьерасынын төртүнчү чемпиондугуна жетишти.

Түркиянын Теннис федерациясынын билдирүүсүнө караганда, 17 жаштагы улуттук теннисчи 15 миң доллар байгелүү турнирдин финалында австралиялык теннисчи Эмерсон Жонс менен беттешти.

1 саат 17 мүнөткө созулган беттеште улуттук жаш спортчу атаандашын 6-3 жана 6-0 сеттер менен утуп катары менен 20-жеңишине жетишти жана төртүнчү чемпиондугун багындырды.



Тектеш кабарлар