Сомалиде жасалма спортчу чатагы

Кытайда 100 метр аралыкка жарышка катышкан 20 жаштагы Насра Абукар Алинин ашыкча салмактуу жана даярдыгы жок болушу сомалиликтердин реакциясын жараткан.

2020602
Сомалиде жасалма спортчу чатагы

Сомали өкмөтү, салмагынан улам сынга алынган жана жарышты күч менен аяктаган жээнин Кытайдагы мелдешке жиберген Жеңил атлетика федерациясынын төрагасын кызматтан алды.

Сомалинин Жаштар жана спорт министрлиги, Кытайдын Ченгду шаарында өткөрүлгөн FISU Дүйнөлүк Универсиада оюндарында Сомалинин атынан чыккан спортчунун тандалышына байланыштуу реакциялардан кийин Жеңил атлетика федерациясынын төрагасы Хадижо Дахирдин кызматтан алынганын жарыялады.

Билдирүүдө жээнин сынакка жөнөткөн Дахирге карата «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «улутту каралоо» беренелери менен тергөө иштеринин башталганы маалымдалды.

Кытайда 100 метр аралыкка жарышка катышкан 20 жаштагы Насра Абукар Алинин ашыкча салмактуу жана даярдыгы жок болушу сомалиликтердин реакциясын жараткан.

Сомалилик социалдык тармактардын колдонуучулары, өкмөттү өлкөнүн ийгиликсиздигине себепкер деп айыптап спортчунун коррупция менен жиберилгенин айтышкан.



Тектеш кабарлар