Улуттук дзюдочулардан Словенияда 3 медаль...

Спорттук иш-чара Словениянын Марибор шаарында өттү.

2017932
Улуттук дзюдочулардан Словенияда 3 медаль...

Улуттук дзюдочулардан Словенияда бирөө алтын 3 медаль...

2023-жылдагы Европа жаштар жайкы олимпиадалык фестивалында (EYOF) улуттук дзюдочу Эмир Селим Ары алтын, Синем Оруч күмүш жана Юсуф Язган коло медалга ээ болушту.

Словениянын Марибор шаарындагы иш-чаранын үчүнчү күнүндө 81 килограммда татамиге чыккан ай жылдыздуу спортчулардан  Эмир Селим Ары финалда грузиялык Гиорги Бендельянону утуп алтын медалды багындырды.

Кыз-келиндер арасында 63 кг салмакта күч сынаган Синем Оруч финалда хорватиялык Яна Цвжеткону жеңип күмүш медаль тагынды.

Эркектер арасында 73 килограмм салмакта мелдешкен Юсуф Язган да үчүнчү орун үчүн беттеште грузиялык Ираклий Кавтарашвилини жеңип коло медалдын ээси болду.



Тектеш кабарлар