Браздын допинг тестти оң чыкты

29 жаштагы спортчунун допинг үлгүсүнөн тыюу салынган "остарин" заты табылды.

2017602
Браздын допинг тестти оң чыкты

2016-жылкы Рио Олимпиадасында алтын медаль тагынган бразилиялык таяк менен секирүүчү Тиаго Браз допинг колдонгону үчүн убактылуу четтетилди.

Athletic Integrity Unit (AIU) тараткан билдирүүгө ылайык, 29 жаштагы спортчунун допинг үлгүсүнөн тыюу салынган "остарин" заты табылды.

Иликтөө жыйынтыкталганга чейин мелдештерге катышууга тыюу салынган Браздын В үлгүсүндөгү анализди талап кылууга укуктуу.

Рио-2016да эркектер арасында таяк менен секирүү боюнча алтын, Токио-2020да болсо коло медалды багындырган Браз, 2022-жылы жабык имараттагы жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк чемпионатта да күмүш медалга ээ болгон.



Тектеш кабарлар