Самсунспор баскетболдо да Супер Лигада...
Самсунспор баскетбол клубу чейрек финалда Харемди, жарым финалда Sigortam.Netти жеңип финалда Semt77 Yalova менен атаандаш болгон.
2003333
![Самсунспор баскетболдо да Супер Лигада...](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/5776/859b/0ef1/649522058eb39.jpg?time=1719189090)
Супер лигага чемпион катары көтөрүлгөн Самсунспор футбол клубунан кийин Самсунспор баскетбол командасы да Супер лигага жогорулады.
Кадимки сезонду 2-орунда бүтүрүп плей-оффко өткөн Самсунспор баскетбол клубу чейрек финалда Харемди, жарым финалда Sigortam.Netти жеңип финалда Semt77 Yalova менен атаандаш болгон.
Самсундагы алгачкы 2 беттешүүдө жеңишке жеткен кызыл-актар кечээ үчүнчү беттешинде атаандашы менен Яловада ойноду.
Самсунспор матчты 65-58 упай менен утуп абалды 3-0го алып келди жана Баскетбол Супер Лигасына көтөрүлдү.
Ушундайча Самсунспордун футбол жана баскетбол командалары жаңы сезондо Түркиянын жогорку лигаларында ойношот.