Серхио Рико 22 күндөн кийин комадан чыкты...

Серхио Риконун жубайы Альба Силва испан басма сөзүнө берген маалыматында, Серхионун комадан чыкканын айтты.

2001770
Серхио Рико 22 күндөн кийин комадан чыкты...

Аттан жыгылган испаниялык дарбазачы Серхио Рико 22 күндөн кийин комадан чыкты.

"Пари Сен-Жермендин" испаниялык дарбазачысы Серхио Рико аттан кулап ооруканага түшкөндөн 22 күндөн кийин комадан чыкты.

Серхио Риконун жубайы Альба Силва испан басма сөзүнө берген маалыматында, Серхионун комадан чыкканын, өзүнө келгенин, тынчтандыруучу дарыларга муктаж болбостон дарылануусунун уланып жатканын айтты.

«Кудайга шүгүр. Эми туннелдин аягындагы жарыкты көрүп турабыз» деген Силва оорукананын бардык кызматкерлерине жана дарыгерлерге чоң жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Франциянын "Пари Сен-Жермен" командасынын запастагы дарбазачысы болгон 29 жаштагы Серхио Рико командасы лига чемпиону болгондон кийин 28-майда Эл Росио шаарындагы Уэльва шаарында өткөн фестивалга катышкан.

Фестивалда аттан жыгылган Рико башынан травма алгандыктан Вирген дель Росио ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жаткырылган.



Тектеш кабарлар