Улуттар лигасында экинчи финалист Испания...
Турнирдин экинчи жарым финалдык беттешинде Испания менен Италия Голландиянын Эншеде шаарындагы Твенте стадионунда беттешти.
2023 УЕФА Улуттар лигасында акыркы минуталарда киргизген гол менен Италияны 2 – 1 упайга жеңген Испания финалда Хорватиянын атаандашы болду.
Турнирдин экинчи жарым финалдык беттешинде Испания менен Италия Голландиянын Эншеде шаарындагы Твенте стадионунда беттешти.
Словениялык калыс Славко Винчичтин жетекчилигинде беттешти ылдам баштаган Испания 3-мүнөттө Ереми Пинонун голу менен 1-0 алдыга чыкты.
11-мүнөттө Чиро Иммобиле пенальтиден киргизген голу менен Италия эсепти 1-1ге жеткирди.
Оюндун 84 - минутасында Альваро Моратанын ордуна оюнга кирген Хоселу 88-мүнөттө гол киргизип, атаандашын 2-1 эсебинде жеңген Испания финалга чыкты.
Галатасарайдын италиялык оюнчусу Николо Заниоло беттеште 90 мүнөт ойноду.
Турнирдин финалдык жана үчүнчү орун үчүн беттештери 18-июнь, жекшемби күнү болот.
Үчүнчү орун үчүн беттеште Нидерландия менен Италия Түркия убактысы боюнча саат 16:00дө, финалда Хорватия менен Испания Түркия убактысы боюнча саат 21:45те беттешет.