NBA чемпиондугу үчүн күрөш уланууда...

Финалдык сериянын үчүнчү оюнунда Майами Хит өз талаасында Денвер Наггетсти кабыл алды.

1996939
NBA чемпиондугу үчүн күрөш уланууда...

NBA чемпиондугу үчүн күрөш уланууда...

Финалдык сериянын үчүнчү оюнунда Майами Хит өз талаасында Денвер Наггетсти кабыл алды.

Атаандаш талаадсында өткөн экинчи оюнда жеңишке жеткен Майами өз талаасындагы оюнуна талаа артыкчылыгы менен баштады.

Беттештин биринчи бөлүгү 24-24 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

Денверде Никола Йокич-Жамал Мюррей дуэти экинчи чейректеги оюнда үстөмдүк кылышты.

Себеттин астына соккуларды чогулткан Жокич менен Мюррей,  ошондой эле жогорку атуу жөндөмүн көрсөтүшүп Денвер 53-48 эсебинде айлампага кирди.

Майами Жимми Батлер жана Бам Адебайо менен оюнду экинчи жарымында бурууга  аракет кылышты.

Бирок, Жокик-Мюррей дуэти Денвер үчүн мыкты оюн көрсөтүштү...

Эки жылдыз 60 пайызга жакын атып, жалпысынан 66 упайга ээ болушту.

Ошентип Денвер конокто оюнду 109-94 эсебинде утуп, серияда 2-1 эсебинде алдыга чыкты.

Никола Йокич 32 упай, 21 топ кайтаруу жана 10 пас берген.

Жамал Мюррей 34 упай, 10 топ кайтаруу жана 10 пас берди.

Ошентип, NBA тарыхында биринчи жолу бир командадагы эки адам трипл-дабл жасоого жетишти.

Сериянын төртүнчү беттеши эртең Маймиде өтөт.



Тектеш кабарлар