Адем Асилден алтын медаль...

Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу Адем Асилди куттуктады.

1974672
Адем Асилден алтын медаль...

Көркөм гимнастика боюнча Европа чемпионатынын эркектер арасындагы жалпы классификация финалында ат салышкан улуттук атлет Адем Асил алтын медалга ээ болду.

Түркиянын гимнастика тарыхында биринчи жолу жекече жалпы классификацияда алтын медалды багындырды.

Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу Адем Асилди куттуктап: «Түркиянын кожоюндугунда Анталья спорт залында өткөрүлгөн көркөм гимнастика боюнча Европа чемпионатында жеке жалпы эсепте 84 миң 965 упай менен алтын медалга ээ болгон Адем Асилди чын жүрөктөн куттуктайм. Карьерасында биринчи жолу Европа чемпиондугун утуп алуу менен бирге жеке жалпы классификацияда өлкөбүзгө алгачкы алтын медалын алып келди. Европа чемпиону катары бизди сыймыктандырган Адем Асилдин ийгилигине салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдирем»,- деди.



Тектеш кабарлар