Чеферин кайрадан УЕФАнын төрагасы

Лиссабондо УЕФАнын 47-Кезектеги Конгресси өттү.

1970706
Чеферин кайрадан УЕФАнын төрагасы

Александер Чеферин кайрадан УЕФАнын төрагасы болуп шайланды.

Португалиянын борбор шаары Лиссабондо УЕФАнын 47-Кезектеги Конгресси өттү.

Конгресстеги добуш берүүгө жалгыз талапкер катары кирген Чеферин, кайрадан шайланып УЕФАнын үчүнчү мөөнөтүн баштайт жана 2027-жылга чейин кызматында калат.

Чеферин 2016-жылы УЕФАнын 7-төрагасы болуп шайланган.

55 жаштагы словениялык футболчу 2019-жылдагы шайлоодо болсо экинчи жолу төрага болуп дайындалган.



Тектеш кабарлар