Казакстан укмуштуудай оюн көрсөттү
ЕВРО-2024 тандоо оюндарынын H тайпасынын экинчи оюнунда Казакстан Данияны тосуп алды.
1965330
ЕВРО 2024 квалификациялык оюндарынын H тайпасындагы оюнда Казакстан 2-0 эсебинде артта калган матчта Данияны 3-2 эсебинде утуп, сонун оюнду көрсөттү.
ЕВРО-2024 тандоо оюндарынын H тайпасынын экинчи оюнунда Казакстан Данияны тосуп алды.
Казакстанга жеңиш алып келген голдорду 73-мүнөттө Бактияр Зайнутдинов (Пенальти), 86-мүнөттө Асхат Тагыберген жана 89-мүнөттө Абат Айымбетов киргизди.
Даниянын голдорун 21 жана 35-мүнөттөрдө Расмус Хойлунд киргизди.
Казакстанда өткөн оюндун кошумча бөлүгүндө Абат Айымбетовго кызыл айып карты көрсөтүлдү.
Тайпадагы биринчи беттешинде Словенияга 2:1 эсебинде утулуп калган Казакстан бул жеңиш менен 3 упайга ээ болду.
Дания тайпадагы биринчи беттешинде Финляндияны 3-1 эсебинде жеңген.