Месут Өзил футболду таштады

34 жаштагы Өзил көпкө ойлонгондон кийин профессионалдык футбол карьерасын токтотууну чечкенин жарыялады.

1963756
Месут Өзил футболду таштады

Карьерасын Медипол Башакшехирде уланткан Месут Өзил социалдык медиа эсеби аркылуу бөлүшкөн билдирүүсү менен футболду таштаганын жарыялады.

34 жаштагы Өзил көпкө ойлонгондон кийин профессионалдык футбол карьерасын токтотууну чечкенин жарыялады.

17 жылга жакын убакыттан бери профессионал футболчу болуу сыймыгына ээ болгонун белгилеген Өзил : «Бул мүмкүнчүлүк үчүн абдан ыраазымын. Бирок акыркы жумаларда жана айларда бир аз жаракат алгандан кийин мен үчүн футболдун чоң сахнасынан кетиш үчүн убакыттын жеткени белгилүү болду»,-деп жазды.

Карьерасынын эстен кеткис көз ирмемдер жана сезимдер менен коштолгон кереметтүү саякат болгонун белгилеген Өзил, форма кийген Шальке 04, Вердер Бремен, Реал Мадрид, Арсенал, Фенербахче жана Медипол Башакшехирдеги бардык командалаштарына ыраазычылык билдирди.

Реал Мадрид формасы менен 159 жолу ойногон Лига жана Падыша кубогунун чемпиону болгон Месут Өзил, 254 жолу ойногон Арсенал менен 4 жолу Федерация кубогун жеңген.

Германиянын улуттук курамасы менен 92 жолу ойноп, 23 гол киргизген Өзил 2014-жылы Бразилиянын кожоюндугунда өткөн Дүйнөлүк чемпионатта чемпиондукка жеткен.



Тектеш кабарлар