Скиджоринг Канадада өткөрүлдү

100гө жакын жарышчы катышкан иш-чара жагымдуу көрүнүштөрдү жаратты.

1952480
Скиджоринг Канадада өткөрүлдү

Түндүк Америкада эң тез өнүгүп жаткан кышкы спорттун бири болгон Скиджоринг Канадада өткөрүлдү.

Альберта штатынын Калгари шаарында уюштурулган иш-чарада лыжачылар менен атчандар бир жарышта жолугушту.

100гө жакын жарышчы катышкан иш-чара жагымдуу көрүнүштөрдү жаратты.

Скиджоринг деп аталган мелдеште саатына 65 чакырым ылдамдыкка жеткен аттар чаналарды тартты.

Skijor Канада уюштуруучусу Сэм Митчелл: «Лыжачылар менен чабандестерди бириктирүү чындап эле укмуш..." деди.

Бул турнирге биринчилерден болуп катышкан Зак Стрейкер: «Буга чейин атым менен чана тээп көргөн эмесмин, бул мен үчүн абдан кызыктуу тажрыйба болду»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар