Улуттук спортчулардан алтын медаль

Алтын медаль үчүн беттеште ай-жылдыздуу команда Казакстанды 16-2 эсебинде утуп алды.

1940513
Улуттук спортчулардан алтын медаль

Индонезияда өткөрүлгөн Эл аралык атуу спорту федерациясынын (ISSF) желаткы жана ок атуучу куралдар боюнча дүйнөлүк кубогунда улуттук спортчулар Юсуф Дикеч, Исмаил Келеш жана Бугра Селимзаде эркектер арасында 10 метрге желаткы тапанчадан атуу боюнча командалык мелдеште алтын медалга ээ болушту.

Түркиянын атуу жана мергенчилик федерациясынын билдирүүсүнө караганда, борбор шаар Жакартада уланып жаткан иш чарада эркектер арасында 10 метрге желаткы тапанчадан атуу боюнча команда жарыштарында күч сынашкан Юсуф Дикеч, Исмаил Келеш жана Бугра Селимзаде 575 упай менен биринчи орунду ээлеп, алтын медаль үчүн беттешүүгө жолдомо алышты.

Алтын медаль үчүн беттеште ай-жылдыздуу команда Казакстанды 16-2 эсебинде утуп алды.

Желаткы жана ок атуучу куралдар боюнча дүйнө чемпионаты 7-февралда аяктайт.



Тектеш кабарлар