NBAде Жеди Осман 7 жолу үч упайлык топ салып карьералык рекордду жаңылады
NBA 4 оюн менен уланды. Кливленд Кавальерс Лос-Анджелес Клипперсти 23 упай айырма менен утуп алды.

Америка баскетбол лигасында (NBA) улуттук баскетболчу Жеди Осман 7 жолу үч упайлык топ салуусу менен карьера рекордун жаңылады жана 29 упай менен команданын бомбардири болду. Кливленд Кавальерс Лос-Анжелес Клипперсти 122-99 эсебинде жеңди.
NBA 4 оюн менен уланды. Кливленд Кавальерс Лос-Анджелес Клипперсти 23 упай айырма менен утуп алды.
Кливленд Кавальерсте ойногон улуттук оюнчу Жеди Осман 22 мүнөттөй ойногон беттеште 29 упай менен карьера рекордун жаңылады. Беттеште 7 жолу 3 упалык топ салган Жеди Осман бул тармакта карьерасынын рекордун жаңылады.
Милуоки Бакс үй ээси Нью Орлеан Пеликанс командасын 135-110 эсебинде жеңсе, Жаннис Антетокоунмпо командасына жеңиш алып келген ысым болду.
Антетокоунмпо 30 мүнөттөй ойноп жатып, 50 упай жана 13 топ кайтаруу менен «дубл-дабль» жасаган. Бакс үчүн Жрю Холидэй 17 упайга ээ болсо, Брук Лопес 15 упайга ээ болду.
Нью Орлеан Пеликанында Хосе Альварадонун 18 упай, Йонас Валансиунас менен Трей Мерфинин 16 упайы жеңишке жетишсиз болду.
Натыйжалар:
Мемфис Гриззлис-Индиана Пэйсерс: 112-100
Кливленд Кавальерс-Лос-Анджелес Клипперс: 122-99
Милуоки Бакс-Нью Орлеан Пеликанс: 135-110
Шарлотт Хорнетс-Майами Хит: 122-117
Тектеш кабарлар
Казакстан укмуштуудай оюн көрсөттү
ЕВРО-2024 тандоо оюндарынын H тайпасынын экинчи оюнунда Казакстан Данияны тосуп алды.

Теннис боюнча Түркияга сыйлык...
Испаниянын Барселона шаарында Европа Теннис федерациясынын башкы жыйыны өттү.