Биатлон боюнча Дүйнө Кубогу

Лиза Виттози жеңишке жетип, карьерасында биринчи жолу дүйнө чемпиондугун багындырды.

1932241
Биатлон боюнча Дүйнө Кубогу

Биатлон боюнча Дүйнө Кубогундагы беттештер Германия Рупхолдинг баскычы менен уланууда...

Түштүк-Чыгыш Баварияда өтүп жаткан иш-чарада кыз-келиндер арасында 15 километрлик жеке жарыштар болду.

Кызуу мелдеште италиялык Лиза Виттози жеңишке жетип, карьерасында биринчи жолу дүйнө чемпиондугун багындырды.

Подиумду толуктаган ысымдар болсо француздар болду.

Лу Жанмонно экинчи, Жулия Саймон үчүнчү орунду ээледи.

Үстүбүздөгү сезондо 11 жарыштан 8инде ийгиликке жетишкен Саймон, жалпы классификациядагы лидерлигин сактап калды.



Тектеш кабарлар