Мухаммед Боздаг Венгрияда экинчи орунду алды

Бул тууралуу Түркиянын муз тебүү федерациясы билдирди.

1929545
Мухаммед Боздаг Венгрияда экинчи орунду алды

Улуттук спортчу Мухаммед Боздаг Венгрияда өткөрүлгөн Шорт-трек Challenge Series 2 Pannonia Open мелдешинде күмүш медалга ээ болду.

Түркиянын муз тебүү федерациясынын билдирүүсүнө караганда борбор шаар Будапештте уланган мелдеште Мухаммед 1500 метр аралыкта 50 спортчунун арасында экинчи болду.

Ушул эле категорияда ат салышкан улуттук спортчулардын бири Топрак Эфе Эроглу 6-орунга, Салих Жан Кезер 14-орунга ээ болду.



Тектеш кабарлар