Фенербахче менен Галатасарай достук турнирлеринде ойношту

Стамбулда ойнолгон беттеште Вильярреалдын жалгыз голун Капуэ киргизсе, Фенербахченин голдорун Сердар Дурсун менен Жошуа Кинг пенальтиден киргизди.

1914384
Фенербахче менен Галатасарай достук турнирлеринде ойношту
Galatasaray-Rayo Vallecano.jpg
fenerbahce-villarreal.jpg

Фенербахче клубдар ассоциациясы фонду ЛаЛига менен уюштурган Достук турниринин экинчи беттешинде Испаниянын Вильярреал командасын 2-1 эсебинде жеңди.

Стамбулда ойнолгон беттеште Вильярреалдын жалгыз голун Капуэ киргизсе, Фенербахченин голдорун Сердар Дурсун менен Жошуа Кинг пенальтиден киргизди.

Фенербахче турнирдин биринчи беттешинде Испаниянын башка командасы Райо Вальеканону 3-1 эсебинде жеңди.

Галатасарай болсо достук турниринин экинчи оюнунда Испаниянын коногу Райо Вальеканого 1-0 эсебинде утулуп калды.

Беттештеги жалгыз голду Мартин киргизди.



Тектеш кабарлар