Катарда өтүп жаткан Дүйнөлүк кубоктун кечээки оюндары...
Кубоктун алкагында кечээ 4 беттеш өттү.
Катарда 2022-жылы өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионатта толкундануу уланууда.
Кубоктун алкагында кечээ 4 беттеш өттү.
Жыйынтыктар төмөнкүдөй;
Тунис: 0 - Австралия: 1
Польша: 2 - Сауд Арабиясы: 0
Франция: 2 - Дания: 1
Аргентина: 2 - Мексика: 0
Бул жыйынтыктар менен 2022 FIFA Дүйнөлүк Чемпионатында Франция D тайпасындагы экинчи беттешинде Данияны 2-1 эсебинде жеңип, 1/8 финалга өткөн биринчи команда болду.
Польша С тайпасындагы экинчи беттешинде Сауд Арабияны 2-0 эсебинде утуп алды. Польшалык жылдыз Левандовски дүйнө чемпионатында алгачкы голун киргизди.
С тайпасындагы экинчи беттешинде Мексиканы 2-0 эсебинде утуп алган Аргентина чемпионаттагы алгачкы жеңишине жетишти.
Австралия Тунисти бир гол менен утуп алды.
Бул жеңиш менен Австралия упайларын 3кө жеткирсе, Тунис 1 упайда калды. Африканын өкүлү экинчи беттешинде гол киргизе алган жок.
Тектеш кабарлар
Эрдогандан Эргин Атаманга куттуктоо
Эрдоган 26-апрелде да Эргин Атаманга телефон чалып колдоосун билдирген.