Катардагы эң кымбат дүйнөлүк чемпионат

Катар турнирди уюштуруу укугуна ээ болгондон бери 12 жылдын ичинде даярдыкка 300 миллиард доллар сарптады.

1908011
Катардагы эң кымбат дүйнөлүк чемпионат

20-ноябрдан 18-декабрга чейин Катарда өтө турган 2022-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионаты тарыхындагы эң кымбат дүйнөлүк чемпионат болот.

Катар турнирди уюштуруу укугуна ээ болгондон бери 12 жылдын ичинде даярдыкка 300 миллиард доллар сарптады.

Борбор шаар Доха Жакынкы Чыгышта өткөрүлгөн биринчи дүйнөлүк чемпионатта 1 миллиондон ашык футбол күйөрманын кабыл алуу үчүн курулган жаңы стадиондор жана мейманканалар менен чоң өзгөрүүгө дуушар болду.

Турнирге даярдыктын алкагында 7 жаңы футболдук стадион, стадиондорду интеграциялоо үчүн метро байланышы, аэропорт, ооруканалар, мейманканалар жана соода борборлору курулду.

Катар дүйнөлүк чемпионатты өткөрүүгө сарптаган болжолдуу сумма 229 миллиард долларды түздү.

Жекшемби күнү Катар-Эквадор беттеши менен баштала турган футбол боюнча 2022-жылкы дүйнөлүк чемпионат 200дөн ашуун өлкөдө көрсөтүлөт.



Тектеш кабарлар