Ясемин Адар Йигит дүйнө чемпиону...
Белградда өтүп жаткан иш-чаранын бешинчи күнүндө Ясемин финалда египеттик күрөшчү Самар Хамза менен беттешти.
![Ясемин Адар Йигит дүйнө чемпиону...](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/99d5/cdb9/ce37/6322a29f69172.jpg?time=1719264505)
Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыз-келиндер арасында 76 килограммда Түркиянын атынан чыккан Ясемин Адар Йигит алтын медалды багындырды.
Ушундайча Ясемин Адар экинчи жолу дүйнө чемпиону болду.
Баш калаа Белграддагы иш-чаранын бешинчи күнүндө Ясемин финалда египеттик күрөшчү Самар Хамза менен беттешти.
Старк Аренадагы күндүн акыркы беттешинде атаандашын 6-0 эсебинде жеңген улуттук балбан, карьерасында экинчи дүйнөлүк чемпиондук наамына ээ болду.
Ясемин 2017-жылы Франциянын борбору Парижде өткөрүлгөн дүйнөлүк чемпионатта да алтын медалды багындырган.
Жалгыз дүйнө чемпиону болгон түркиялык балбан кыз Ясемин Белградда экинчи турда казакстандык Гүлмарал Еркебаеваны 10-0, чейрек финалда япониялык Юка Кагамини 4-2, жарым финалда эквадорлук Генесис Реаско Вальдезди 4-3 эсебинде жеңди.