IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары...

Билал Эрдоган биринчиси 2014-жылы Кыргызстанда өткөрүлгөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын, Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын деңгээлинде чечим кабыл алынган дүйнөдөгү эң чоң салттуу спорттук иш-чара экенин баса белгиледи.

1874486
IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары...

Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын башчысы Билал Эрдоган, Түркиянын кожоюндугунда 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Бурсанын Изник ​​районунда өтө турган 4-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын абдан ийгиликтүү спорттук иш-чара болорун айтты.

Эрдоган биринчиси 2014-жылы Кыргызстанда өткөрүлгөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын, Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын деңгээлинде чечим кабыл алынган дүйнөдөгү эң ири салттуу спорттук иш-чара экенин баса белгиледи.

Оюндардын Кыргызстанда Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлгөнүн эске салган Билал Эрдоган: «Биздин салтыбызда ушундай улуу көлдөр жогору бааланат. Изникти каратууда Орхан Газинин армиясына Кыргызстандан согушка колдоо көрсөтүү үчүн жоокерлер келип шейит болгонун билебиз. Изникте учурда аларга арналган кыргыздар күмбөзү бар. Оюндардын негизинде Изник ​​менен Ысык-Көлдүн жана Анадолу менен Кыргызстандын ортосундагы байланыштын сакталып келе жатканын эске салган болобуз. Изник миңдеген жылдык тарыхы бар көптөгөн цивилизациялардын борбору болуп саналат»,- деди.

Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчылары да чакырылган 4-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына президент Режеп Таййип Эрдоган да катышат.



Тектеш кабарлар