Серкан Өздемир Европа ралли кубогунун экинчи турун биринчилик менен аяктады
Түркия мотоцикл федерациясынын билдирүүсүнө караганда Европанын ралли кубогунун (Tout Terrain Rally Cup) экинчи таймашы 21-27-август күндөрү Хорватия жана Босния-Герцеговинада өткөрүлдү.
Улуттук спортчу Серкан Өздемир Европа ралли кубогунун экинчи турун биринчилик менен аяктады.
Түркия мотоцикл федерациясынын билдирүүсүнө караганда Европанын ралли кубогунун (Tout Terrain Rally Cup) экинчи таймашы 21-27-август күндөрү Хорватия жана Босния-Герцеговинада өткөрүлдү.
Серкан Өздемир Европанын эң чоң тоо кыркаларынын бири болгон Динарик Альп тоолорундагы этапта өткөн жарышта FIM6 классында биринчи болду.
Улуттук спортчу Өздемир Динарикалык раллиде 6 күндүк 1.500 километрдик жарышты 31 саат 16 мүнөт 4 секундда бүтүрүп, жалпы класста 10-орунга ээ болду.
Билдирүүдө Серкан Өздемирдин төмөнкү пикирлери камтылган: «Грециядан кийин Хорватия жана Босния- Герцеговинада өткөрүлгөн FIM Европа ралли чемпионатында 13 этаптын 12син жеңип чемпион болдук. Ошол эле учурда FIMден тышкаркы жарыштарда 9 этапты аяктап, өлкөбүзгө эки кубок утуп алдык. Бул татаал таймашта мага ишенген жана колдогон баарына рахмат».