Жеңил атлетикадагы тарыхый ийгилик...

Ясемин Жан, бул тармакта эки жолу чемпиондукту алган биринчи аял спортчу болду.

1868900
Жеңил атлетикадагы тарыхый ийгилик...

Европа атлетика чемпионатында 10 миң метрде 30:32.57 көрсөткүчү менен алтын медалга ээ болгон улуттук атлет Ясемин Жан, чемпионаттын тарыхында бул тармакта эки жолу чемпиондукту алган биринчи аял спортчу болду.

Атлетика федерациясынын башчысы Фатих Чинтимар: «Түркиянын жеңил атлетика федерациясына 15-августта 100 жыл толду. 100 жылдык мааракебизди белгилеген күнү улуттук спортчубуз Ясемин Жан 10 миң метрге жарышта алтын медалга ээ болду. Ясемин 10 миң метрде 2 жолу чемпион болгон биринчи аял спортчу катары тарыхта калды. Бул ийгилик биз үчүн абдан маанилүү эле жана абдан кубанычтабыз. Мындан ары да чемпиондуктарынын уланарына ишенебиз»,- деди.

 



Тектеш кабарлар