Түркиянын Пара сүзүү боюнча дүйнө чемпионун жана спортчуларды мамлекет жетекчилери куттукташты

60 өлкөдөн 509 спортчу катышкан чемпионатта Сүмейе Бояжы алтын, Севилай Өзтүрк 2 күмүш жана Корал Беркин Кутлу 2 коло медалга ээ болду.

1845343
Түркиянын Пара сүзүү боюнча дүйнө чемпионун жана спортчуларды мамлекет жетекчилери куттукташты
koral berkin kutlu.jpg
sevilay ozturk-sumeyye boyaci.jpg

Түркия Пара сүзүү боюнча дүйнөлүк чемпионатты 1 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медаль менен аяктады.

Түркиянын Дене майыптар спорт федерациясынын билдирүүсүнө караганда, Португалиянын Мадейра аралындагы Мадейра олимпиадалык сууда сүзүү комплексинде өткөрүлгөн Пара сүзүү боюнча дүйнөлүк чемпионатта улуттук спортчулар 1 алтын, 2 күмүш жана 2 коло болгон жалпы 5 медалга ээ болушту.

60 өлкөдөн 509 спортчу катышкан чемпионатта Сүмейе Бояжы алтын, Севилай Өзтүрк 2 күмүш жана Корал Беркин Кутлу 2 коло медалга ээ болду.

Уюмда Элиф Илдем төртүнчү, Эмине Авжу бешинчи болду.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, чемпионатта медаль алган улуттук спортчуларды куттуктады.

Эрдоган социалдык тармактагы баракчасына:«Португалияда өткөн пара сүзүү боюнча дүйнөлүк чемпионатта 1 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медалга ээ болгон улуттук спортчуларыбызды куттуктап, өлкөбүздүн атынан чоң эмгек жумшап жана аракет менен катышып жаткан улуттук спортчуларыбызга өзүм жана улутумдун атынан ыраазычылык билдирем»,-деп жазды.

Президент Эрдоган билдирүүсүндө түрк желегинин эмодзилери менен медаль алган улуттук спортчулар Сүмейе Бояжы, Севилай Өзтүрк жана Корал Беркин Кутлунун сүрөттөрүн да жайгаштырды.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен вице-президент Фуат Октай социалдык медиа баракчаларынан бөлүшүп, Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу да билдирүү жарыялап, медалга ээ болгон улуттук спортчуларды куттукташты.



Тектеш кабарлар