Түркия велосипед туру уланууда
Манисадан башталган 5-этапка 160 велосипедчи катышты.
57-Президенттик Түркия велосипед турунун (Tour of Türkiye) кечээки бешинчи этабын Нидерландиянын өкүлү Team DSM командасынан австралиялык Сэм Уэлсфорд жеңип алды.
Мелдештин бешинчи күнүндө Маниса-Айвалык жарышы болду.
Манисадан башталган 5-этапка 160 велосипедчи катышты.
Велосипедчилер Сома жана Бергаманы басып өтүп 191,7 километрден кийин Балыкесирдин Айвалык районуна токтошту.
Катаал спринттен кийин 4 саат 13 мүнөт 49 секундада Нидерландиянын өкүлү Team DSM командасынан австралиялык Сэм Уэлсфорд биринчи орунду ээледи.
Мурунку күнкү Измир-Маниса этабын биринчи бүтүргөн Италиянын Drone Hopper-Androni Giocattoli командасынан аргентиналык Эдуардо Сепулведа жалпы классификацияда лидерлигин улантты.
Дүйнөгө таанымал спортчулар бүгүн 1915 Чанаккале көпүрөсү аркылуу Азиядан Европа континентине өтүшөт.