Алперен Карахан ядро ыргытуу боюнча алтын медалды багындырды
Бул тууралуу Түркиянын Атлетика федерациясынын билдирүүсүндө орун алды.
1795107
![Алперен Карахан ядро ыргытуу боюнча алтын медалды багындырды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/ad8c/e733/b45a/622ee269dc072.jpg?time=1719069260)
Португалияда өткөрүлгөн Европанын ыргытуу чемпионатында улуттук атлет Алперен Карахан 23 жашка чейинкилер арасында ядро ыргытуу боюнча алтын медалга ээ болду.
Түркиянын Атлетика федерациясынын билдирүүсүнө караганда, Лейрияда өткөрүлгөн мелдеште 23 жаштан кичүү эркектер арасында ядро ыргытууда 19,81 метрлик көрсөткүчү менен Алперен Карахан биринчи тепкичке чыкты.
23 жашка чейинки кыз-келиндер арасында ядро атуу боюнча алтын медалды Пынар Акйол, 23 жашка чейинки эркектер арасында диск ыргытууда Осман Кул күмүш медалга ээ болушту.