ЦСКА Москвадан чыгуулар уланууда...

Орусиянын Украинага кол салуусунан кийин клубдан 6 спортчунун кеткени билдирилди.

1789024
ЦСКА Москвадан чыгуулар уланууда...

Орусиянын баскетбол боюнча ЦСКА Москва эркектер командасы, өлкөнүн Украинага аскерий кийлигишүүсүнөн кийин 6 оюнчусунун клубдан кеткенин жарыялады.

Акыркы жолу италиялык Дэниел Хакетт, грузиялык Торнике Шенгелия, даниялык Ифе Лундберг, литвалык Мариус Григонис, германиялык Йоханнес Фойтман жана орусиялык Йоэль Боломбой ЦСКА Москвадан кетүүнү чечишти.

Орус клубунун билдирүүсүндө, "Бул кадам келишимдин шарттарына каршы болсо да, клуб спортчулардын чечимин түшүнөт. Оюнчу келишимдеринин абалы Европадагы саясий жана спорттук чөйрө нормалдуу абалга келгенде чечилет",-делди.

Орус командаларынын THY Европа лигасына катышуусу токтотулду.

THY Европа лигасында ЦСКА Москва бул сезондо 14 жеңиш жана 10 жеңилүү менен турнирдик таблицада 6-орунда болду.



Тектеш кабарлар