Формула 1де Россия Гран - Приси календардан чыгарылды
Формула 1 жетекчилиги Россиянын Гран - Приси 2022 - жылдагы жарыш календарынан чыгарылганын жарыялады.
1785973
Формула 1 жетекчилиги Россиянын Гран - Приси 2022 - жылдагы жарыш календарынан чыгарылганын жарыялады.
Уюмдун билдирүүсүнө караганда, Формула 1 жетекчилиги Россиянын Украинага аскердик кийлигишүүсүнөн кийин Эл аралык автомобиль федерациясы (FIA) жана командалар менен учурдагы абалга баа берди.
Украинадагы окуялардан санааркоолордун болгондугу билдирилип, 23-25 - сентябрда Сочиде өткөрүлүшү пландалган Россия Гран - Присинин болбой тургандыгы маалымдалды.
Россия Украинага каршы аскердик операциясын 24 - февралда баштаган.