Галатасарай Локомотив Москва менен беттешет

Беттешти Австриянын футбол федерациясынан калыс Харальд Лехнер башкарат.

1722479
Галатасарай Локомотив Москва менен беттешет

Түркиянын өкүлү Галатасарай, УЕФА Европа Лигасынын Е тайпасынын 3-жумасында эртең Орусиянын Локомотив Москва командасынын коногу болот.

Борбор шаар Москвадагы "Локомотив" стадионунда боло турган беттеш Түркия убактысы боюнча саат 22.00дө башталат.

Беттешти Австриянын футбол федерациясынан калыс Харальд Лехнер башкарат.

Тайпадагы биринчи беттешинде өз талаасында Италиянын Лацио командасын 1-0 эсебинде уткан сары-кызыл команда, экинчи беттеште Франциянын өкүлү Олимпик Марсель менен 0-0 эсебинде тең чыкты.

Эки беттештин жыйынтыгында 4 упайга ээ болгон Галатасарай лидерлик орунда отурат.

Сары-кызылдар Орусиянын тааласында жеңишке жетишип лидерлигин сактап калууну каалашат.

Москва Локомотив болсо Олимпик Марсель менен 1- 1 эсебинде тең чыгып, Лациого 2-0 эсебинде утулду жана тайпада акыркы орунду ээледи.



Тектеш кабарлар