Мотокросс жарышы эртең Афьонкарахисарда башталат

Чемпионатта 150 мотоциклист күч сынашат.

1701922
Мотокросс жарышы эртең Афьонкарахисарда башталат

Афьонкарахисарда өтө турган мотокросс боюнча Дүйнө чемпиондугунун 2 этабынын (Bitci MXGP Turkey) биринчи жарышы эртең башталат.

Президенттиктин колдоосунда Түркия Мотоцикл Федерациясы жана Афьонкарахисар муниципалитетинин кызматташуусу менен Афион автоспорт борборунда 8-сентябрь шаршемби күнгө чейин улана турган чемпионатта Honda, Yamaha, Kawasaki, KTM, Husqvarna, GasGas жана Beta фабрика командаларынан болжол менен 150 мотоциклист күч сынашат. 

Чемпионатта 9-жарыш  " MXGP of Turkey " 4-5-сентябрда, ал эми 10-жарыш " MXGP of Afyon" 7-8-сентябрда өтөт.

Мотокросс боюнча аялдар арасындагы дүйнөлүк чемпионатка Түркиядан биринчи жолу бир спортчу катышат.

Улуттук спортчу 16 жаштагы Ирмак Йылдырым чемпионатта Түркиянын өкүлдүк кылат.

Афьонкарахисардагы чемпионатка 100 миңден ашуун көрүүчүнүн көз салышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар