Роналду кайрадан Манчестер Юнайтедге кайтты

Британ өкүлүнүн трансфер үчүн Ювентуска 25 миллион евро, Роналдуга болсо эки жылдык келишим сунуштагандыгы билдирилди.

1698828
Роналду кайрадан Манчестер Юнайтедге кайтты

Британиянын Премьер Лигасынын командаларынын бири болгон Манчестер Юнайтед мурдагы футболчусу Криштиану Роналдуну 12 жылдан кийин кайрадан өзүнүн курамына кошту.

Британ команданын билдирүүсүндө, ак-кара клуб менен Италиянын Ювентус командасында ойногон 36 жаштагы футболчуну өткөрүп берүү боюнча келишимге жетишилгени белгиленди.

Манчестердин социалдык медиа баракчасынан "Үйүңө кош келдиң" деген билдирүү бөлүшүлүп, сайтта да клубдагы баарынын Роналдунун кайтып келишин чыдамсыздык менен күтүп жатышкандыгы айтылды.

Британ өкүлүнүн трансфер үчүн Ювентуска 25 миллион евро, Роналдуга болсо эки жылдык келишим сунуштагандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар