Токио -2020 аяктады
Оюндарды 2024 -жылы өткөрө турган Париждин мэри Энн Идальго Олимпиаданын желегин Токиодогу кесиптеши Юрико Коикеден өткөрүп алды.
![Токио -2020 аяктады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/daea/4231/606f/61066f991dfc8.jpg?time=1719227678)
Токио -2020, жабылыш аземи менен расмий түрдө аяктады,...
Олимпиадалык стадиондогу аземге ачылышта болгону сыяктуу эле чектелген коноктор келди.
Жабылуу аземи уюмдун эң сонун учурларынын клиби менен башталды.
Ачылыш аземинде япон ырчысы Мисия ырдаган Жапон гимни бул жолу Takarazuka Revue аттуу аялдар тобу тарабынан ырдалды ...
Андан кийин катышуучу өлкөлөрдүн желектеринин парады башталды.
Парадда Олимпиада чемпионубуз, улуттук боксчубуз Бусеназ Сүрменели ай жана жылдыздуу туубузду көтөрүп чыкты.
Спортчулар аземдин аймагын толтургандан кийин, жарык жана үн көрсөтүүлөрү башталды ...
Жергиликтүү мотивдер басымдуулук кылган жарык көрсөтүүлөрү өлкөнүн желектерин желбиреткен спортчуларды талаада коштоп жүрдү.
Токио 2020 жабылыш аземи тапшыруу менен аяктады ...
Оюндарды 2024 -жылы өткөрө турган Париждин мэри Энн Идальго Олимпиаданын желегин Токиодогу кесиптеши Юрико Коикеден өткөрүп алды.