Күрөшчү Рыза Каяалп Токиодо жарым финалга чыкты

Рыза Каяалп бул турда акыркы 3 Олимпиадада алтын медалга ээ болгон кубалык Миджайн Лопес Нунез менен беттешет.

1683484
Күрөшчү Рыза Каяалп Токиодо жарым финалга чыкты

 Улуттук күрөшчү Рыза Каяалп 2020 Токио Олимпиада оюндарынын 9 -  күнүндө жарым финалга чыкты.

Рыза Каяалп Макухари Месседе эркектер арасында грек  - рим стилинде 130 килограммдык күрөштө немис Эдуард Попп менен беттешти.

Каршылашына каршы жеңил – желпи күрөшкөн Рыза 5-0 эсебинде алдыга чыкты. Улуттук балбан чабуул коюда атаандашына 2 упай бергени менен, беттешти 6-2 эсебинде утуп, атын жарым финалга чыгарды.

Рыза Каяалп бул турда акыркы 3 Олимпиадада алтын медалга ээ болгон кубалык Миджайн Лопес Нунез менен беттешет.



Тектеш кабарлар