Элиф менен Тан дүйнө чемпиону болду

Италияда FCA Junior & Youth Slalom Дүйнө чемпиондугу өткөрүлдү.

1663949
Элиф менен Тан дүйнө чемпиону болду

Элиф Эржан менен Тан Тандоган парус спорту боюнча FCA Junior & Youth Slalom Дүйнө чемпиондугунда өз жаш курактары боюнча дүйнө биринчилигин жеңип алышты.

Түркиянын парус спорту федерациясынын билдирүүсүндө, улуттук спортчулардын Италияда өткөрүлгөн чемпионатта 3 дүйнө чемпиондугуна жана 2 дүйнөлүк экинчиликке ээ болгондору белгиленди.

Элиф Эржандын 15 жашка чейинки жана 17 жашка чейинки кыздар арасында эки алтын медалды жеңип алгандыгы маалымдалды.

15 жашка чейинки эркектер категориясында болсо Тан Тандогандын мелдеште биринчи орунду ээлеп чемпион болгондугу белгиленди.

15 жашка чейинки категорияда кыздардан Мимоза Мерони, эркек балдардан Мерт Качан экинчи орунду ээледи.



Тектеш кабарлар