Түркия-Италия беттеши

Түркия Италияга 3-0 эсебинде утулуп калды.

1656493
Түркия-Италия беттеши

Түркиянын футбол боюнча А улуттук курама командасы 2020-жылкы Европа Футбол Чемпионатынын (ЕВРО-2020) ачылыш беттешинде Италияга 3-0 эсебинде утулуп калды.

Италиянын борбор шаары Римде ойнолгон «А» тайпасынын биринчи оюнунда Улуттук команда Италия менен беттешти.

Италия 65-мүнөттө Иммобиленин, 79-мүнөттө Инсиньенин голу менен оюнду 3-0 аяктады.

Италия бул жеңиш менен «А» тайпасын 3 упай менен баштады, ал эми Түркия биринчи беттеште упай ала алган жок.

Түрк командасы тайпадагы берки эки беттешин Азербайжандын борбор шаары Баку шаарында өткөрөт. Улуттук курама 16-июнда Уэльс менен, 20-июнда Швейцария менен ойнойт.



Тектеш кабарлар