Түркиянын эркектер курама командасы Европа чемпиону болду

Улуттук жаачылар финалда Франция менен беттешти.

1652307
Түркиянын эркектер курама командасы Европа чемпиону болду

Антальяда өтүп жаткан жаа атуу боюнча Европа чемпионатында Түркиянын эркектер курама командасы алтын медалга ээ болду.

40 мамлекеттен 279 спортчунун катышуусунда уюштурулган мелдеште Фуркан Оруч, Якуп Йылдыз жана Эврен Чагырандан турган эркектер курама командасы чейрек финалда Италияны 238-232 эсебинде жеңип алды.

Жарым финалда Испаниядан 236-229 упай менен оозуп кеткен улуттук жаачылар финалда Франция менен беттешти.

Францияны 225-219 эсебинде утуп алган курама команда Европа чемпиону болду.

Чемпионатта Якуп Йылдыз дагы алтын медалга ээ болду.

Якуп Йылдыз финалда даниялык атаандашы Матиас Фуллертон менен беттешти.

Беттеште атаандашын 143-141 эсебинде жеңген Йылдыз Европа чемпиону болду.



Тектеш кабарлар