АКШлык белгилүү гольфчу Вудстун абалы жакшы

45 жаштагы белгилүү спортчу Лос Анжелесте Хоторн бульварында оодарылган унаадан өрт өчүргүч жана саламаттык сактоо топторунун жардамы менен чыгарылган.

1589933
АКШлык белгилүү гольфчу Вудстун абалы жакшы

АКШнын Калифорния штатындагы жол кырсыгынан кийин ооруканага жаткырылган белгилүү гольф оюнчусу Тайгер Вудстун дарылоого жооп берип, эсине келгендиги билдирилди.

Тайгер Вудстун расмий твиттер эсебинен берилген маалыматта белгилүү гольф оюнчусунун абалынын жакшы экендиги, оорукана бөлмөсүндө айыгуу процессинин башталгандыгы билдирилди.

АКШлык спортчуга кырсыктан кийин оң буту менен билегине операция жасалгандыгы маалымдалды. Кырсык тууралуу иликтөөнүн жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди.

45 жаштагы белгилүү спортчу Лос Анжелесте Хоторн бульварында оодарылган унаадан өрт өчүргүч жана саламаттык сактоо топторунун жардамы менен чыгарылган.



Тектеш кабарлар