Улуттук спортчу Өрен Түркия рекордун багындырды

«Али Наили Моран» атындагы жеңил атлетика тилкесинде өткөн 2020 сезонунда биринчи ачык аянттагы мелдеши уланууда.

1457750
Улуттук спортчу Өрен Түркия рекордун багындырды

Улуттук спортчу Синан Өрен Анкарада өткөн Олимпиадалык сыноо жарыштарында 300 метр аралыкта рекорд койду.

«Али Наили Моран» атындагы жеңил атлетика тилкесинде өткөн 2020 сезонунда биринчи ачык аянттагы мелдеши уланууда.

Болжол менен 300 спортчунун катышуусу менен өткөрүлгөн иш-чарада улуттук спортчу Синан Өрен, Олимпиада үчүнчүсү Ясмин Копелло да чуркаган 300 метр аралыкка чуркоодо 32.46 даражасы менен жеңишке жетишип, Түркия рекордун жаңылады.

Рамил Гулиев 2016-жылы жайында Швециянын Карлстад шаарында 32.61 даражасы менен жеңишке жетишкен, ал эми Синан Өрен бул ийгилиги менен Түркия үчүн рекорддун жаңы ээси болду.

22 жаштагы Синан, бул даражадасы менен 23 жашка чейинкилерде Түркиянын рекордун жаздырды.

23 жашка чейинки 300 метр аралыктагы рекорд Батухан Алтынташка таандык болчу.

Ошондой эле эркектер 100 метр аралыкта жакшы баа алышты.

Түркияда 23 жашка чейинки рекорддун ээси Кайхан Өзер, сезонду 10:46 даражасы менен ачып, 18 жашка чейинки жөө күлүк Умут Уйсал да 10.49дук даражага жетишти.

Эркектер 110 метр аралыкка тоскоолдуктан чуркоодо, улуттук спортчу Микдат Севлер, 13,81 даражасы менен өзүнө таандык Түркия рекордун жаңылады.

23 жашка чейинки аялдарда үч аттап секирүүдө Европа экинчиси Тугба Данышмаз 13,83 даражасын алса, Эженаз Кара 100 метр аралыкка чуркоодо 12.07лик даражасы менен биринчи болду.



Тектеш кабарлар