NBAде машыгуулар үчүн күн санала баштады

Коронавирус пандемиясынын себебинен тыныгуу берилген машыгуулардын 1-майдан тарта баштала турганы жарыяланды.

1405428
NBAде машыгуулар үчүн күн санала баштады

Американын баскетбол лигасы NBAде машыгуулар үчүн күн санала баштады.

Коронавирус пандемиясынын себебинен тыныгуу берилген машыгуулардын 1-майдан тарта баштала турганы жарыяланды.

Бул чечим бардык командалар үчүн жарактуу эмес.

Жуктуруп алгандардын саны аз кездешкен штаттарда машыгууга уруксат берилет.

Америка медиасынын айтымдарына караганда группалык машыгуулар болбойт.

Машыгуулар ыктыярдуулук негизине таянат жана жеке сеанстар менен чектелүү болот.

11-мартта Юта Джаз оюнчусу Руди Гоберттин коронавирустук тести позитив болуп чыккан соң NBA оюндары токтотулган болчу.



Тектеш кабарлар