Италиянын Ювентус командасы оюнчулардын айлыктарын азайтты

Бул тууралуу Клубдун интернет барагындагы жарыяланды.

1387075
Италиянын Ювентус командасы оюнчулардын айлыктарын азайтты

Италияда Биринчи футбол лигасы  (Серия А) командаларынан Ювентуста жаңы типтеги коронавирустун себебинен оюнчулар жана машыктыруучулардын айлыктары азайтылды.

Клубдун интернет барагындагы жарыяда глобалдык деңгээлдеги саламаттык сактоо коркунучунун спорт иш-аракеттерине тоскоол болгону жана ушул себептен март, апрель, май жана июнь айларында айлыктардын азайтылышы темасында оюнчулар жана машыктыруучулар менен макулдашылганы маалымдалды.

Бул макулдашуу менен Ювентустун 2019-2020-жылдар үчүн 90 миллион евро акча үнөмдөй турганы белгиленди.

Италян командасында Паулу Дибала, Даниэле Ругани жана Блез Матюдиде коронавирус аныкталган болчу.



Тектеш кабарлар