Түркиянын айымдарынын волейболдогу ийгиликтери...

Тайпаларында акыркы оюндарын ойногон Эжзажыбашы Витра, Фенербахче Опет жана Вакыфбанк чейрек финалга жогорулады.

1363480
Түркиянын айымдарынын волейболдогу ийгиликтери...

Волейбол боюнча аялдар арасында Чемпиондор лигасындагы  өкүлдөрүбүз жолдорун улантышууда...

Тайпаларында акыркы оюндарын ойногон Эжзажыбашы Витра, Фенербахче Опет жана Вакыфбанк чейрек финалга жогорулады.

Аялдар арасында Чемпиондор лигасында ойногон Эжзажыбашы Витра «А» тайпасында Будовлани Лодзду тосуп алды.

Атаандаштын аянтында  алгачкы беттешүүсүн 3-0 менен жеңген өкүлүбүз өз аянтчасында да Польшанын өкүлү Будовлани Лодзду 3-2 эсебинде утуп алды.

Ошол эле тайпада орун алган берки өкүлүбүз Фенербахче Опет болсо Финляндиянын командасы ЛП Салону тосуп алды.

Атаандашын оңой эле жеңген Фенербахче Опет аянттан 3-0 жеңиш менен чыкты.

«В» тайпасында ойногон  Вакыфбанк болсо акыркы беттешүүсүнө Орусиянын командасы Локомотив Калининград менен ойноду.

Атаандашын 3-0 эсебинде уткан өкүлүбүз тайпасынын лидери катары атын чейрек финалга жолдомо алды.



Тектеш кабарлар