Фенербахче бир жумадан кийин 3 упай топтой алды

Фенербахче Супер лиганын 16-аптасындагы дерби беттешүүсүндө Бешикташты 3-1 эсебинде утту.

1327980
Фенербахче бир жумадан кийин 3 упай топтой алды

Супер лигада Фенербахче, Супер лиганын 16-аптасындагы дерби беттешүүсүндө Бешикташты 3-1 эсебинде утуп алып бир жума өткөн соң кайрадан 3 упайга ээ болду.

Стамбулдагы Үлкер стадионундагы дерби оюнунда Фенербахченин голдорун Макс Крузе, Озан Туфан жана Ведат Муриж киргизди. Бешикташтын жалгыз голун Атиба Хатчинсон киргизди.

Демир груп Сиваспор упайын жоготкон аптада жеишке жетишкен сары-көк түстүү команда 28 упай жана ашыкча оюну менен 3-катарга чыкты. Фенербахче Сивасспор менен болгон упай айырмасын да 6га түшүрдү.

Фенербахченин косоволук жарым коргоочу оюнчусу Ведат Мурич, Супер лигада бул сезон 10-голун киргизди.

Фенербахче-Бешикташ дербисин 44526 күйөрман стадиондо көрдү.

Үлкер стадионунда трибуналар толугу менен толсо, беттешүүнү 42358 Фенербахче күйөрманы, 2168 Бешикташ күйөрманы көрдү.



Тектеш кабарлар