Улуу шахматчы Анатолий Карпов Түркияга келет

Түркия Шахмат федерациясынын иш-чарасында Карпов, спортчу, машыктыруучу жана катышуучуларга семинар берип жатканда бир убакта шахмат оюнун да ойнойт.

1318529
Улуу шахматчы Анатолий Карпов Түркияга келет

Шахматтын тирүү уламышы, жети жолу дүйнө чемпиондугун багындырган улуу устат Анатолий Карпов Мерсинде шахмат сүйүүчүлөр менен жолугат.

7-декабрь ишемби күнү Түркия Шахмат федерациясынын иш-чарасында Карпов, спортчу, машыктыруучу жана катышуучуларга семинар берип жатканда бир убакта шахмат оюнун да ойнойт.

Федерациянын башчысы Гүлкыз Тулай, сөз сүйлөөсүндө улуу устат Карповду Түркияда тоскондору үчүн абдан кубанычта экендиктерин белгилеп өттү.

Карповдун дүйнөлүк чемпиондуктары менен катар шахмат спортунда башкача ыкмасы менен кызыгуу жараткан, 9 ирет шахмат Оскарын жеңип алган, дүйнөгө таанымал шахмат мектептери менен дагы билим берүүчү кимлиги менен алдыга чыккан абдан өзгөчө спортчу болгонун баса белгилеген Тулай: «Шахмат спортунун өнүгүүсү үчүн жүрүш жасоону улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар