Түркия айымдары волейболдо Германия менен Чехияны утуп алды
Токио 2020 Олимпиада оюндарына жолдомо ала турган команда белгиленет.
1247362
Түркиянын Волейбол боюнча айымдардан турган А улуттук курама командасы Токио 2020 Олимпиада оюндарына катыша турган командалар белгиленүүчү Олимпиада үчүн Материктер аралык тандоолордун В тайпасындагы экинчи беттешүүсүндө Чехияны 3-1 менен жеңип алды.
Тайпасындагы биринчи беттешүүсүндө Германияны 3-1эсебинде утуп алган Түркиянын айымдардан турган курама волейбол командасы эртең үй ээси Кытай менен Түркия убактысы боюнча саат 15:00дө беттешет.
Тайпада жеңип чыккан команда Токио 2020 Олимпиада оюндарына жолдомо алат.