Кытай ири иш-чарага карата даярдыктарын баштады
Оюндарга 1000 күн калганда Пекинде атайын иш-чара уюштурулду.
2022-жылы өтүүчү Кышкы Олимпиада оюндарынын Кытай Эл Респуликасы үчүн мааниси чоң.
14 жылдан кийин кайрадан Олимпиада оюндарын өткөрүүгө укуктуу болгон кытайлыктар, бул ири иш-чаранын даярдыктарын эмитеден баштады.
Оюндарга 1000 күн калганда Пекинде атайын иш-чара уюштурулду.
Программага жооптуу кызматтагылар менен катар Эл аралык олимпиада комитетинин жетекчи орун басары Хуан Антонио Самаранч да катышты.
Атактуу кино жылдызы Жеки Чан да орун алган 1000 күн иш-чарасына ар түрдүү көрсөтүүлөр көрк кошту.
Пекин мэри Чэнь Цзинин, даярдыктардын уланганын белгилеп, тарыхындагы эң сонун оюндардын бирине кожоюндук кыла тургандарын айтты.
Тектеш кабарлар
Испания лигасында Арда Гүлер...
Испания Ла Лигасынын 33-жумасында Реал Сосьедад менен Реал Мадрид Реал Аренада беттешти.