Жаа атууда 6 медаль...

Veronica's кубогу аяктады.

1191544
Жаа атууда 6 медаль...

Түркия Словенияда өткөрүлгөн Veronica's кубогун 4 алтын, 1 күмүш жана 1 коло медаль менен аяктады.

Камник шаарындагы иш-чарада Мете Газоз жана Ясемин Эжем Анагөздөн турган классикалык жаа атуу боюнча улуттук курама, финалда Англияны 6-2 эсебинде жеңип чемпион болду.

Эркектерден турган курама да финалда Словенияны 6-0 эсебинде жеңип Түркияга алтын медаль алып берди.

Эркектер арасында жеке мелдештерде Мете Газоз менен Эрдал Мерич финалда беттешти.

Таймашты 6-2 эсебинде жеңген Мете алтын медалга ээ болсо, Эрдал Мерич күмүш медаль тагынды.

Үчүнчүлүк беттешүүсүндө да Самет Ак словениялык Зига Равникарды  7-1 эсебинде жеңип коло медалга ээ болду.



Тектеш кабарлар