Марек Хамсик Кытай командасына трансфер болду

Наполи тарыхынын мыкты оюнчуларынын арасында орун алган Хамсик Италия клубу менен чыккан 520 беттеште 120 голь киргизди жана 111 пас берди.

1146130
Марек Хамсик Кытай командасына трансфер болду

Италия Серие А командаларынан Наполинин жылдыз оюнчусу Марек Хамсик Кытай командасы Далиан Йифангга трансфер болду.

Наполинин төрагасы Аурелио Де Лаурентис : «Далиан Йифанг менен келишим түздүк. Марекке Кытайда бактылуу болушун каалаймын. Наполинин каалгасы дайыма ачык»,- деди.

Кытайдын командасы Далиан Йифанг 31 жаштагы словак футболчу үчүн Наполиге 20 миллион евро төлөйт.

Наполи тарыхынын мыкты оюнчуларынын арасында орун алган Хамсик Италия клубу менен чыккан 520 беттеште 120 голь киргизди жана 111 пас берди.

 

 



Тектеш кабарлар